Путин аймактык бюджеттерге 200 млрд. рубль бөлүүнү сунуштады

Президент субъектилерде каражатты ийкемдүү колдонууга мүмкүнчүлүк болушу керектигин кошумчалады.

Путин аймактык бюджеттерге 200 млрд. рубль бөлүүнү сунуштады

Бир жума мурда президент аймактардын жетекчилери менен жолугуп, Россиядагы медициналык кызматкерлерге кошумча каражат төлөп берүү боюнча айткан.

БИШКЕК, 15-апр. -— Sputnik. Россия президенти Владимир Путин аймактык бюджеттерди камсыздоо жана туруктуулукту бекемдөө үчүн 200 миллиард рубль бөлүүнү сунуштады. Бул тууралуу РФ жетекчиси өкмөт мүчөлөрү менен видеоконференция өткөрүп жаткан учурда айтты.

"Аймактарга финансылык кошумча жардам кылуу туурасында айттым эле. Алардын кирешелери ар кыл себептерден улам токтоп калды. А негизи региондордун экономикасын, жарандарын колдоо боюнча ошол эле аймактарга бир топ күч келип жатат. Федерация субъектилеринде бул үчүн зарыл ресурстар болушу керек. Андыктан, аймактык бюджеттерди камсыздоо жана алардагы туруктуулукту тең салмакта кармап туруш үчүн 200 миллиард рубль бөлүүнү сунуштайм", - деди Путин.

Президент субъектилерде каражатты ийкемдүү колдонууга мүмкүнчүлүк болушу керектигин кошумчалады.

Эскертке кетсек, бул жыйын дүйнөнү, анын ичинен Россияны да каптаган коронавирустун алдын алуу жана анын кесепетин жоюу багытында өтүп жатат.

Акыркы маалыматтар боюнча Россияда COVID-19 жуктургандар 24 миңден ашса, алардын 2000и айыгып чыкты. Ал эми 198 адам көз жумду.

Sputnik / Алексей Дружинин

Дагы: https://sputnik.kg/economy/20200415/1047886716/putin-ajmaktyn-byudzhetterge-200-mlrd-rubl-boluunu-sunushtady.html